БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. "Евразия-Кинофест" быйыл жайда өтүп, 30 мамлекеттен 1000ден ашуун кинематографистти чогултууга ниеттенип жатат.
"Армения, Кыргызстан маалыматын берди. Өлкөнүн ичинде болуп жаткан окуяларга карабай, мурдагыдай эле Молдованы күтүп турабыз. Өздөрүнүн эмгектерин Евробиримдиктин, Африка континентинин өлкөлөрү, Кытай, Индия да берет", — деди Мамдуманын депутаты, "Евразия" уюмунун төрайымы Алёна Аршинова.
Фестивалда башка сынактарды жеңген фильмдерди да көрсөтүшөт.
"Арышыбызды кеңейтишибиз керек. Адам ар дайым таяна турган нерсесин, өзөгүн издейт. Бул — ата-бабалардын тарыхы жана дүйнө жүзүндөгү бардык элдердин салттуу баалуулуктары", — деген ал.