БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Конституциялык сот Садыр Жапаровдун ыйгарым укугунун мөөнөтү жана президенттик шайлоону өткөрүүнүн жол-жобосу боюнча кайрылуусун карап чыгып, президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөрүн билдирди.
Чечимде Садыр Жапаровдун азыркы алты жылы биринчи мөөнөт болуп эсептелери айтылган.
"2021-жылы шайланган президенттин мөөнөтү 2010-жылкы Конституциянын негизинде алты жыл болуп эсептелет жана ал кыскарбайт. 2021-жылдагы жаңы Конституциядагы беш жылдык мөөнөт мурда башталган президенттик мандатка карата иштебейт. Президент жаңы Баш мыйзамдын талаптарына ылайык ишин улантат. Биринчи мөөнөттөгү алты жыл "эки мөөнөттөн ашпоого" байланышкан чектөөнүн алкагында биринчи мөөнөт катары эсептелет", — деп жазылат маалыматта.
Консот мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө негиз жок деген чечимге келген. Андай шайлоо Конституциянын 72-беренесинде так көрсөтүлгөн учурларда гана (өз ыктыяры менен кызматтан кетүү, импичмент, ооруп калуу же каза болуу) мүмкүн.
Белгилей кетсек, өткөн жумада президент Садыр Жапаров өзүнүн ыйгарым укугунун мөөнөтү жана президенттик шайлоону өткөрүүнүн жол-жобосу Баш мыйзамда кандай каралганын чечмелеп берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган.
Конституциялык сот мамлекет башчынын кайрылуусуна коомдо жана эксперттик чөйрөдө бул маселе боюнча ача пикирлер пайда болуп, мыйзамдык так эместик жаралууда деген пикирлер себеп болгонун билдирген.