Ош облусу жыл жыйынтыгын чыгарды. Өкмөт башчынын баасы

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. 2025-жылы мамлекет Ош облусуна 8 миллиард 543 миллион сомдук жардам көрсөттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясында айтты.
Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражат 357 объектиге жумшалган.
Касымалиев Ош облусунун жергиликтүү бюджетин колдоого трансферт катары 1 миллиард 329,2 миллион сом бөлүнүп, жалпысынан республикалык бюджеттен Ош облусуна 2025-жылы 11 миллиард сомго жакын каражат киргенин кошумчалады.
Минкаб башчысы өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүндө Ош облусунун татыктуу орду бар экенин, бирок өндүрүмдүүлүк жакшы эместигин белгиледи. 2025-жылы өнөр жай продукциясын дүң өндүрүү Таласта 51 миллиард сомду түзсө, Ош облусунда 22,8 миллиард сомго жеткен. Бул 2,3 эсеге аз көрсөткүч.
"Инвестиция тартууну күчөткүлө, ири экономикалык долбоорлорду өз убагында ишке киргизгиле, токтоп турган өндүрүш ишканаларын жандандыруу боюнча демилгелерди көтөргүлө. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө басым жасалсын, көбүрөөк кошумча нарк жараткан өндүрүштөрдү өнүктүрүңүздөр", — деди Касымалиев.
Натыйжада 2025-жылы аткарылган ийгиликтүү иштер үчүн Өзгөн жана Чоң-Алай райондоруна "жакшы", ал эми жалпы Ош облусуна "канааттандырарлык" деген баа берген.
Араван менен Кара-Сууда жазгы талаа иштери башталды