БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 17-февралда, коллегиялык жыйында кесиптештерине кайрылып жатып, ишин улантарын билдирди.
Ал айрым ЖМКлар менен социалдык тармактарда анын кызматтан кетери тууралуу айтылган маалыматтарды төгүндөдү.
"Комментарийлерден элдин колдоосун көрүп, аябай ыраазы болдум. Элден эч качан кол үзбөш керек экен, элге эч качан эмгекти аябаш керек экен. Кесиптештер, силерди да ушуга үндөйт элем. Кудай бизге иштегиле деп мүмкүнчүлүк берди, ишти улантабыз, иштейбиз", — деди калаа башчысы.