БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгы орозо мурда айтылгандай эле 19-февралда баштала турганын дагы бир ирет бекемдеп айтты.
Буга чейин социалдык тармактарда "орозо 18-февралда башталат" деген маалымат тарап кеткен. Буга себеп катары Сауд Арабия менен Бириккен Араб Эмирликтеринде ай көрүнгөнү айтылууда. Ошол эле учурда чет элдик ЖМКлар башка бир катар мамлекеттерде ай көрүнбөгөнүн кабарлашууда.
Адаттагыдай эле арапа (шектик) 18-күнү болсо, эртеси, 19-февралда, мусулмандар орозо тутуп баштайт.
Эске салсак, Орозо айын 19-февралда баштоо жөнүндө чечим Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңеши тарабынан кабыл алынган.
2026-жылдагы орозонун календарын даярдаганбыз. Аны биздин сайттан ар бир аймак өзүнүн убакыт айырмачылыктарына карап, колдонсо болот