БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан X соцтармагына Владимир Зеленскийге койгон талабын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Украиналыктар Венгриянын шайлоо кампаниясына активдүү катышып, жеке кызыкчылыгын көздөп биздин каршылаштарыбызды каржылоодо. Кийлигишкениңерди токтоткула, Венгрия келечегин өзү аныкташы керек", — деди Орбан.
Буга чейин Венгрия ТИМинин башчысы Петер Сийярто "Зеленский Украинанын Евробиримдикке эртерээк кошулушуна жана финансылык жардамга макул боло турган оппозициянын бийликке келиши үчүн шайлоо өнөктүгүнө аралаша баштаганын" айткан.