Изилдөө институту: Кыргызстан Россия менен эл аралык деңгээлде иш алып барууда

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстан Россияны өзүнүн эң негизги өнөктөшү деп билет, бул факт эки өлкөнүн алакасынан жана эл аралык деңгээлде биргелешип иш алып барганынан көрүнүп турат. Мындай маалымат Коммуникацияны өнүктүрүү боюнча улуттук изилдөө институтунун докладында айтылган.
Былтыр ар кыл жааттагы жана деңгээлдеги коңшулук байланыш жакшы болгону айтылды.
Эки мамлекеттин ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагында коопсуздук, экономика жана маалыматтык коопсуздук жаатындагы мамилеси өзгөчө мааниге ээ болду.
Кыргызстан өнөктөшү Россиянын кызыкчылыктарына зыян кыла турган кадамдардан алыс болду. Эл аралык уюмдарда Кыргызстан РФ үчүн маанилүү жана кооптуу маселелерде этияттык менен бейтарап позицияны карманганы айтылган.