Камчыбек Ташиев убактылуу чет өлкөгө чыгып кетти. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев өлкөдөн убактылуу чыгып кетти. Маалыматты анын тарапташы Өткүрбек Рахманов таратты.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров жарлыгы менен 10-февралда Ташиевди кызматынан алган. Генерал ал учурда Германияда дарыланып жаткан болчу. 13-февралдын таңында Кыргызстанга келген. Кечээ өлкө башчысы экөөнүн жолукканын кабарлаган.
Ташиевдин коопсуздугу мурдагыдай эле маморгандар тарабынан камсыздалат