Андан соң чокунун чыгыш төбөсүнө советтик туу орнотулган.
Ошентип Улуу Ата Мекендик согуш учурунда немец фюреринин Кавказдагы бийик жердин аталышын алмаштырып, ага Гитлердин ысымын коюу максаты орундалган жок. Совет элине фашисттик Германия, Гитлер канча азап алып келбеди. Жабырланып, аскерлер эмес, жай жарандары бомбаланып кырылгандардын арасында Украина да болгону тарыхта белгилүү.
... Эльбрусту камалоого алуу буйругун 1-тоодогу аткычтар дивизиясынын командири жана тажрыйбалуу альпинист, генерал Хуберт Ланц өзү берген. Ал 1936-жылдан бери аталган тоонун айланасында көп болуп, орус тилин билген жана жолду да эң жакшы билген.
Бирок желбиреген туулар Гитлерди таасирленткен жок. Тескерисинче, ал катуу ачууланган. Негизги күчтү Сухумга салуунун ордуна "акылы айныган альпинисттер" амбицияга алдырган деп каарданган. Бирок Эльбрусту "Гитлер чокусу" деп өзгөртүү тууралуу кыйкырыктар анын жинин таратат.
1943-жылдын февраль айынын башында Закавказье фронтунун командачылыгы чокудагы гитлерчилердин тууларын алып салуу тууралуу буйрук берген. Бул чабуул тажрыйбалуу альпинисттер Александр Гусев менен Николай Гусак жетектеген 20 адамдан турган отрядга тапшырылган.
Жоокерлер өздөрү менен атайын жабдууларды гана эмес, курал-жарак жана ок-дарыларды да көтөрүп чыккан. Асман тиреген аймакта душмандын толук жок кылынбаган топтору дагы калган, ал эми тоонун капталдарын душман минага шыкап кеткен эле.
Альпинисттер тоонун кылда учуна жеткенде фашисттердин штандартын көрө алган эмес. Кыязы, жөнөкөй эмес бул жер да баскынчылардын белгиси чокусунда желбиреп турушун каалабаган сымал. Тагыраагы, тытылып жок болгон.