"Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна курулчу маданий борбордун эскизи

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна курула турган заманбап маданий борбордун эскиздик долбоору даярдалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
"Учурда имаратты демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. 2025-жылдын 5-ноябрында болгон өрттөн кийин мэр тиешелүү кызматтарга объектинин мындан аркы тагдыры боюнча чечим кабыл алууну жана долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү тапшырган", — деп айтылат маалыматта.
Шаар башчысынын тапшырмасына ылайык, маданий борбордун эскиздик долбоору иштелип чыкты. Иштер улантылууда.
Бишкекте Профсоюз көчөсүн курууда көрүстөндү айланып өтүү чечими кабыл алынды