БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргыз футбол биримдиги 2028-жылы өтө турган Олимпиадалык курама командалар арасындагы Азия кубогун өткөрүү үчүн Азия футбол конфедерациясына расмий түрдө талапкерлигин көрсөттү.
Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, бул мелдеш Азиядагы эң маанилүү турнирлердин бири, ага континенттин 16 күчтүү улуттук командасы катышат. Турнирди Кыргызстанда өткөрүү өлкөнүн футбол инфраструктурасын өнүктүрүүгө, эл аралык аброюн жогорулатууга жана жаштар арасында футболду кеңири жайылтууга чоң салым кошот.
"Талапкерлик алкагында КФБ эл аралык талаптарга жооп берген стадиондорду, машыгуу аянтчаларын, мейманкана инфраструктурасын жана транспорттук логистиканы камтыган комплекстүү концепцияны сунуштады. Өтүнмө АФКнын бардык регламенттик талаптарына ылайык даярдалды", — деп айтылат кабарда.
АФК өкүлдөрүнүн инфраструктураны жана өлкөнүн даярдыгын баалоо боюнча инспекциялык сапары 2-6-март күндөрүнө пландалган. Анын жыйынтыгы жана берилген документтердин негизинде турнирди кабыл алуучу өлкө боюнча акыркы чечим кабыл алынат.
2028-жылдагы турнирди өткөрүүгө ошондой эле Иордания, Япония, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери жана Өзбекстан да талапкерлигин көрсөткөн.