Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев менен телефондон баарлашканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Сүйлөшүү казак тараптын демилгеси менен жүргөн. Мамлекет башчылары кыргыз-казак мамилелеринин бардык багыттары боюнча өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу маселелерди, анын ичинде соода, транспорт, өнөр жай кооперациясы, энергетика жана суу ресурстары тармактарында мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты. "Токаев Жапаровго Казакстанда жүргүзүлүп жаткан, мамлекеттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн өзөгүн түзгөн конституциялык реформа тууралуу маалымат берди. Жапаров өз кезегинде Казакстандагы масштабдуу өзгөрүүлөрдү, анын ичинде бир палаталуу парламент түзүүнү колдой турганын билдирип, жалпы элдик референдумду ийгиликтүү өткөрүүнү каалады", — деп айтылат маалыматта. Президенттер бардык маселелерди ишеним, салттуу достук жана боордоштук маанайында чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Бул көп пландуу өз ара аракеттенүүнүн ырааттуу өнүгүүсү үчүн ишенимдүү негиз түзөт. Лидерлер ошондой эле ички саясий реформалар, чөлкөмдүк жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышып, муну менен бирге көп тараптуу форматта өткөрүлө турган алдыдагы биргелешкен иш-чаралардын графигин карап чыгышты.**Конституциялык сот Садыр Жапаровдун ыйгарым укугунун мөөнөтү жана президенттик шайлоону өткөрүүнүн жол-жобосу боюнча кайрылуусун карап чыгып, президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөрүн билдирди. Чечимде Садыр Жапаровдун азыркы алты жылы биринчи мөөнөт болуп эсептелери айтылган. "2021-жылы шайланган президенттин мөөнөтү 2010-жылкы Конституциянын негизинде алты жыл болуп эсептелет жана ал кыскарбайт. 2021-жылдагы жаңы Конституциядагы беш жылдык мөөнөт мурда башталган президенттик мандатка карата иштебейт. Президент жаңы Баш мыйзамдын талаптарына ылайык ишин улантат. Биринчи мөөнөттөгү алты жыл "эки мөөнөттөн ашпоого" байланышкан чектөөнүн алкагында биринчи мөөнөт катары эсептелет", — деп жазылат маалыматта. Консот мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө негиз жок деген чечимге келген. Андай шайлоо Конституциянын 72-беренесинде так көрсөтүлгөн учурларда гана мүмкүн.
Бүгүн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Күрөш федерациясынын мүчөлөрү менен спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына даярдык көрүү маселелерине арналган жыйын өткөрдү. Агенттиктен билдиришкендей, жыйында үстүбүздөгү жылдын 7-12-апрель күндөрү өтө турган грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатын уюштуруу маселелери каралды. Катышуучулар спорттук инфратүзүмдөрдү даярдоо планы, командаларды жайгаштыруу жана логистика, катышуучуларды жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациялоо, коопсуздук чаралары, медициналык камсыздоо, ошондой эле коноктор жана расмий делегациялар үчүн маданий программа тууралуу талкуулашты.