УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев өлкөдөн убактылуу чыгып кетти. Маалыматты анын тарапташы Өткүрбек Рахманов таратты.Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров жарлыгы менен 10-февралда Ташиевди кызматынан алган. Генерал ал учурда Германияда дарыланып жаткан болчу. 13-февралдын таңында Кыргызстанга келген. Кечээ өлкө башчысы экөөнүн жолукканын кабарлаган.
УКМКнын аймактардагы башкармалыктарына жаңы жетекчилер дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга өздүк булактар билдиришти. Азамат Юсупов атайын кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси болду. Ал буга чейин президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин директору болчу. Кубаныч Көлбаев Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыкка барды. Буга чейин Чүйдөгү башкармалыкты жетектеген. Ага чейин "Элдик банктын" директорлор кеңешинде мүчө болгон. Саламат Сартов Жалал-Абад облустук башкармалыгын тескейт. Ал көптөн бери улуттук коопсуздук органдарында иштеп келген чекист. Адил Керимов Чүй облустук башкармалыкты жетектейт. Буга чейин Бишкек шаардык башкармалыкта орун басар болчу. Бахтияр Акимбаев Баткен облусундагы башкармалыкка барды. Ачык булактарда ал буга чейин Түптүн акими болгону айтылат. Алмаз Темирбаев Нарын облусундагы башкармалыкты жетектей турган болду. Ал тууралуу маалымат жок. Эскерте кетсек, 10-февраль күнү президенттин жарлыгы менен Камчыбек Ташиев УКМК төрагасы кызматынан бошотулган. Артынан үч орун басары, андан кийин дубандагы башкармалыктардын жетекчилери иштен алынган.
Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026-жылы жол курулушунун жалпы бюджети 39 млрд 111 млн сомду түзөрүн билдирди. Базаралиевдин маалыматы боюнча, бул сумманын ичинен Каракол шаарынын ички жолдоруна Турукташтыруу фондунан 1,5 млрд сом бөлүнөт. Ал эми капиталдык салымдардын алкагында 20 млрд 680 млн сом каралган, анын ичинен 17 млрд 680 млн сому Барскоон – Бедел жолунун курулушуна багытталат. Жол фондунан 7 млрд 949 млн сом бөлүнөт, кошумча каражаттардын түшүүсүнө жараша бул сумма көбөйүшү мүмкүн. Жалпысынан 2026-жылы облустар боюнча 457 чакырым жолго асфальт төшөө пландалууда.
Кыргызстанда жүзүм өстүрүүдө оң динамика байкалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, 2025-жылдын жыйынтыгында өлкөдөгү жүзүмзарлардын жалпы аянты 2 870 гектарды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 225 гектарга же 8,5 пайызга көбөйдү. Жалпы түшүм 5990,1 тонна болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 1 пайызга өсүп, орточо түшүмдүүлүк гектарына 20,5 центнерди түздү. Тармакты колдоо максатында 2025-жылдын январь-май айларында Сербиядан алып келинген жүзүм көчөттөрү карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өткөрүлүп, вируссуз жана техникалык сорттор боюнча тандалып алынды. Ошондой эле Лейлек районунда жүзүм өстүрүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелер ишке ашууда. Жаңы-Жер айыл аймагында кооперативдер "Аватар" жана "Кишмиш" сортторунун көчөттөрүн өстүрүп жатышат. Мындан тышкары, "Аватар", "Моникур Сиңгер" жана "Кишмиш" сортторуна адистешкен жаңы питомник уюштурулууда.