Быйыл Орозо айы 19-февралда башталат жана бул ыйык айга руханий жана дене жактан даярдануу маанилүү. Биринчиден, ниетти түздөп, күн тартибин тууралап, ден соолукту чыңдап, жаман адаттардан алыс болууга аракет кылуу керек. Ал эми ооз аачарда сарамжалдуулукту сактап, ысырапкорчулукка жол бербей, тамак-ашты ченеми менен колдонуу сооптуу иш болот.
Рамазанда кармалбай калган орозо карыз болуп эсептелет. Аны Орозо айы бүткөндөн кийин кармоо зарыл. Адаттан тыш иштегендер, мисалы вахтада же алыс жолдо иштеген айдоочулар, эгер орозо кармоо ден соолугуна же ишине олуттуу зыян келтирсе, сапар макамында болуп кийин каза кылып кармай алышат. Негизгиси ар бир мусулман өз абалына жараша туура чечим кабыл алып, орозону жоопкерчилик жана ыкластуулук менен аткарууга умтулуусу керек.
Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын калкты диний маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн адиси Акылбек ажы Тагаев кеп кылды.