Спорт тармагына быйыл канча акча бөлүндү — инфратүзүм, олимпиада, массалык спорт

Sputnik
Кыргызстанда спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү, массалык спортту кеңейтүү жана улуттук курама командалардын ишин системалуу жолго салуу акыркы жылдары мамлекеттик саясаттын маанилүү багытына айланды. Жаңы кабыл алынган “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзам массалык спортту өнүктүрүү, мектептердеги дене тарбия сабактарын күчөтүү жана курама командаларга машыктыруучулар штабын бекитүү сыяктуу бир катар актуалдуу маселелерди күн тартибине чыгарды. Ошол эле маалда коомдо машыктыруучуларды тандоо, алардын квалификациясы, укуктары жана колдоосу, спортко бөлүнгөн бюджеттин көлөмү, агенттиктин алдындагы дирекциялардын иши жана пландар тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев айтып берет.