БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Шаирбек Ташиев кармалды деген сөздү төгүндөдү.
Буга чейин социалдык тармакта УКМКнын мурдагы жетекчисинин бир тууган иниси Шаирбек Ташиев кармалды деген маалымат тараган.
Парламенттен эл өкүлүн башкы прокурордон түшкөн сурамдын негизинде же депутатты кылмыш жасап жатканда гана кармап кеткенге боло тургандыгын айтышты. Ал эми ЖКга мындай сурам менен документ түшкөн эмес.
Маалымат берген адамдар Шаирбек Ташиев Бишкекте экенин билдиришти.