БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстанда түндүк-түштүк болуп бөлүнүүгө эч качан жол бербеймин. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде айтты.
"Биринчиден, түндүк-түштүк болуп бөлүнүүгө эч качан жол бербеймин. Андай бөлүнүп-жарылууларды саясатчылар качан гана керек болгондо жеке кызыкчылыктары үчүн баштайт. Карапайым элди колдонушат. Эгемендик алгандан бери эле саясатчылар түндүк-түштүк кылып бөлүп келишкен. Мен саясатка алгачкы жолу 2005-жылы келгенде өз көзүм менен көрдүм. Өкмөттүн жарымы түндүк, жарымы түштүк же кайсы бир министрликте дагы ушундай болсун деп бөлүп келишкен. Ошондо мен аябай кейигем", – деди Садыр Жапаров.
Президент 2021-жылдан бери андай бөлүнүп-жарылуудан арылуу максатында райондордун акимдери, соттор, прокуратура, УКМК, ИИМдин жетекчилерин ротация кылганын кошумчалады.
"Ошондуктан карапайым калкка кайрыламын. Алданбагыла, силерге түндүктүк президент болобу же түштүктүк президент болобу, айырмасы жок. Эң негизгиси, калыс жана адилеттүү болуп, баарына бирдей иштеп берген президент болгону маанилүү", – деди мамлекет башчы.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө регион-регион кылып бөлбөстөн, өлкө боюнча бардык региондордо түрдүү курулуштар, бирдей иштер жүрүп жатат. Президент мунун баары кимдир бирөөлөрдүн акчасына эмес, мамлекеттин, элдин акчасына курулуп жатканын ар бир жаран билиш керектигин баса белгиледи.