"Күчкө салам деген Бакиев менен Атамбаев азыр кайда". Жапаров элди башкаруу тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мамлекетти күч менен башкарам дегендин арты жакшы болбой турганын айтып, бийлик башында болгон мурдагы эки президентти мисалга келтирди.
"Кабар" агенттиги интервью учурунда Кыргызстанда кескин саясий окуялар болуп кеткен учурду кандай элестетерин сураган.
"Эч кандай төңкөрүш же башка нерсе болбойт. Ага биринчиден, мыйзамдар жол бербейт, экинчиден, андай акыбал жок. Өлкөнү күч менен эмес, акыл менен башкарыш керек", — деген ал.
Буга улай эле бийликте мурда тургандардын кээ бирлерин мисал келтирген.
"Мыйзамдарды окушка баштары жетпеген үчүн ушундай жолдорду ойлоп табышкан. "Күч менен башкарам" деген Бакиев азыр кайда? Күч менен башкарып келген Атамбаев кайда? Биз өткөндөн сабак алганды үйрөнүшүбүз керек", — деген Жапаров.
Ал бардыгын көзөмөлдөп карап турарын, туура эмес иштер болуп жатса дароо тиешелүү тараптарга тапшырма берерин кошумчалаган.
Жапаров Бакиевди Кыргызстанга алып келүүгө кызыкдар эмес экенин айтты