Жапаров досу койгон адамдарды кызматтан алып жатабы? Президенттин жообу

Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. "Жапаров досу (Камчыбек Ташиев — ред.) койгон адамдарды кызматтан алып жатабы" деген суроого мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабарга" берген маегинде жооп берди.
Ал азырынча эч кимди "кызматтан кет" деп айта электигине токтолуп, бирок бардык министрликтерде уурулук боюнча фактылар текшерилерин эскертти.

"Буга чейин дайыма министрлерге "кызматкерлерди жакын тууган, дос, жердеш, бажа деп албагыла. "Мени абам же акем сактап калат" деген дем менен андайлар коркпой уурдайт" деп эскертип келдим. Эгер уурулуктары аныкталса, ким болбосун жооп берет", — деди Жапаров.

Мамлекет башчы жакындарын мамлекеттик жогорку кызматка жолотпогонун, президенттикке жаңы келген кезде "эки кудасы бийликте олтурат" деген сындан улам экөөнү тең иштен алганын кошумчалады.
Садыр Жапаров үч министрди кызматтан алды