УКМКнын Бишкек боюнча мурдагы жетекчисинин эки жакын кишиси кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбековдун жакын адамдары кармалганын өздүк булактар билдирди.
Маалыматка таянсак, Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы бир УКМК кызматкерин жана атайын кызматтын Чүй облустук башкармалыгынын тергөөчүсүн колго түшүргөн.
Белгилей кетсек, Элдар Жакыпбековду Аскер прокуратурасы кармаган. Ага "Коррупция" беренеси менен айып коюлууда. Бүгүн Биринчи май райондук соту аны эки айга камакка алган чечим чыгарды.
УКМКда олуттуу реформалар жүргүзүлөт