УКМКнын Бишкек боюнча экс-жетекчиси Элдар Жакыпбеков эки айга камакка алынды

Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбеков 15-апрелге чейин камалды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарган.
Маалыматка караганда, айыпталуучу Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Белгилей кетсек, Жакыпбековду Аскер прокуратурасы кармаган. Ага "Коррупция" беренеси менен айып коюлууда.
УКМКда олуттуу реформалар жүргүзүлөт