БШК 13-округда шайлоого катышкан 25 талапкердин акчасын кайтарат

Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров кайра шайлоо дайындалган 13-округдагы талапкерлердин төгүмүн кайтара турганын маалымат жыйында айтты.
Сөзүнүн урунттуу учурлары:
БШКнын чечими менен Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов жана Айгүл Карабекова 30-ноябрда өткөн шайлоодо 13-округ боюнча жеңүүчү деп табылды;
былтыр 30-ноябрда болгон шайлоодо №13 округдагы участкаларга Бакыт Сыдыковдун тарапташтары камера орноткону тергөө органдары тарабынан аныкталды:
БШК 13-округда шайлоого катышкан 25 талапкердин 7 миллион сом төгүмүн кайтарат;
бүгүн Бишкек шаардык административдик соту БШКнын чечимин күчүндө калтырды. Сотко 1-мартка дайындалып калган шайлоодо талапкер болгондордун бири кайрылган. Эми ал Жогорку сотко даттанышы мүмкүн. Эгер эки күндүн ичинде кайрылбаса, 30-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгы менен өткөндөргө күбөлүк жана төш белги берилет;
1-мартка дайындалган шайлоо жокко чыгарылды;
БШКга Нурланбек Тургунбек уулунан мандатын тапшыруу боюнча арыз түшкөн жок.
№13 округдагы болбой калган шайлоо: талапкерлердин чыгымы кайтарылабы?