Эксперт: Россия Батыштын Украинага курал жеткирүү системасын бузуп кирди

Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Россия Батыштын Украинага курал жеткирүү системасын бузуп кире алды. Эми Москванын колунда НАТОнун Россияга каршы планы боюнча толук маалымат бар. Бул туурасында аскердик серепчи жана мурдагы чалгынчы Скотт Риттер Гарленд Никсондун YouTube каналына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.

"Орустар мунун бардыгын (Украинаны курал менен камсыздоону — ред.) көзөмөлдөп жатканын элестеткиле. Алар Украинага жеткирилгенин гана эмес, анын кимден келгенине көз салып турушат. Куралдын ким өндүрүп жатканын да билип коюшкан. Алардын НАТОнун таштаган кадамынан жана андан ары кыла турган ишинен толук кабары бар", — деген эксперт.

Серепчинин айтымында, Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Киевге курал-жарак жеткирүүнү көзөмөлдөө боюнча иштери атайын операциянын биринчи күнүнөн тарта Киевге кыйынчылык жараткан. Москва муну менен аскердик жактан Батыш өлкөлөрүнө караганда стратегиялык артыкчылыкка ээ болду.
“Натыйжада ок-дары жеткирилип, орустар аны фронттогу линияларды жок кылууга басым жасашат. Мен алар Европа менен АКШнын эсебин чеберчилик менен тапты деп ойлойм. Ал эми Украинага куралдын жеткирилиши, орустардын абалды башынан эле көзөмөлдөп келгенин айгинелейт. Алар системаны бузуп киришти. НАТОну, Европаны, ал тургай АКШны талкалашты. Москва чеберчилик менен иштеди”, — деген Риттер.
Зеленский Киевге коопсуздук кепилдиги аз жылга берилип жатат деп эсептейт