Иштен алынган үч министрдин милдетин аткара тургандар дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн кызматтан алган үч министрдин ордуна алардын милдетин аткара тургандарды дайындады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин Урматбек Шамырканов аткармай болду. Ал эми Талантбек Солтобаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине келди.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызматын убактылуу Акыл Токтобаев аткарып турмакчы.
Аталган жетекчилердин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Жапаров досу койгон адамдарды кызматтан алып жатабы? Президенттин жообу