БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкектеги өрттөнүп кеткен "Чатыр-Көл" кинотеатрынын имараты бузула баштаганын мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда анын ордуна маданий борбор салынат.
"Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы объектинин айланасына тосмо орнотуп, имаратты буза баштады. Бир нече жылдан бери жарым-жартылай бузулган абалда болчу. Терезелери жана эшиктери талкаланган, аймагы каралбай калган", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы курулган. Эгемендик жылдары менчикке өтүп кетип, 2010-жылы улутташтырылгандан кийин "Учур" театрына берилгени менен колдонулбай турган. Былтыр 5-ноябрда ал жерде өрт чыгып, эски имарат толук күйүп кеткен. Кырсыктан кийин ал мэриянын баланасына өтөрү айтылган.