БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Өткөн жылы эмгек мигранттары Кыргызстанга 3 миллиард 491,2 миллион доллар которушкан.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, каражаттын негизги бөлүгү Россиядан келген. Ал 3,2 миллиард долларды түзөт. Казакстандан да мигранттар ондогон миллион доллар которушкан.
Буга чейинки рекорд 2022-жылы катталып, дээрлик 3,1 миллиард долларды түзгөн эле.