БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бир метрге чукул карды кечип билим жарышына келе жаткан директор, мугалим жана окуучулардын сүрөтү интернет айдыңына тарады.
Sputnik окуянын каармандарын таап, алар менен байланышты.
Видеодогулар Таластын Айтматов районундагы Райкан Шүкүрбеков атындагы мектептин директору Алима Ташибекова баштаган мугалим жана окуучулар болуп чыкты.
Ролик Маймак айылынан (станция) тартылган. Казакстан менен чектешкен аймактагы бул станциядан олимпиада өткөн Аманбаев айылына чейин 10 чакырымга чукул.
"Олимпиаданын биринчи турунда окуучубуз алдыда келе жаткан. Экинчи күнгө да үмүт менен даярданып жатканда калың кар түшүп калды. Кантип катышпай коёбуз деп, алты окуучу болуп жолго чыктык. Бир тарабында темир жол, экинчи жагында дарыя, тик жар. Автоунаа карга тыгылып, жол көрсөтүп барганга туура келди. Чек арачыларга чейин чалып, алардын машинасы менен эптеп бир саат он беш мүнөттө жеттик", — деп Ташибекова окуянын кандай болгонун айтып берди.