Ал кездеги кубаттуу өлкө өндүрүштү түптөөнү көп созгон эмес. 1969-жылдын 13-декабрында автозаводдун курулушу башталып, жети жылдан кийин алгачкы темир тулпар чыгарылган. Биринчи КАМАЗ кызыл түстө болгон. Анын кабинасына чоң тамгалар менен "КАМАЗ №000001 КПССтин XXV съездине" деген жазуу түшүрүп, айдап чыгышкан.
1977-жылдын октябрь айында эле завод биринчи жылдык планын мөөнөтүнөн мурда аткарып, 15 миң автоунаа чыгарган. Декабрдын аягына чейин саны 22 миңге чамалаган. Азыр КАМАЗ жүк ташуучу автокөлүк менен гана чектелбестен, атайын техника, автобустар жана ал тургай электробустарды да чыгарат.
Кызыктуу фактылар:
Биринчи КАМАЗ ЗИЛдин базасында түзүлгөн;
Аргымактын (ахалтекин) эмблемасы КАМАЗда 1980-жылдардан кийин пайда болгон;
КАМАЗдын негизинде "Тайфун" аттуу сооттолгон автокөлүк (КАМАЗ-63968) иштелип чыккан, салмагы 17,5 тоннаны түзүп, саатына 80 чакырымга чейинки жолду басып өтө алган;
"КАМАЗ-мастер" — Россиядагы дүйнөлүк автоспортто өлкөнү намысын талашып келе жаткан жалгыз заводдук команда. Экипаж Dakar Rally раллисинде 19 жолу жеңүүчү болгон.