БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Тынчтык кеңеши Газа секторуна жардам катары беш миллиард доллардан ашык каражат жумшаларын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Кеңешке кирген мамлекеттер Газанын гуманитардык муктаждыктары жана калыбына келтирилиши үчүн беш миллиард доллардан ашык каражат убада кылышты", – деп Truth Social социалдык тармагына жазган.
АКШ президенти Трамп январдын ортосунда Тынчтык кеңешин түзөрүн жана ага өзү төрагалык кыларын жарыялаган. Курамында мамлекеттик катчы Марко Рубио, атайын чабарман Стив Уиткофф, инвестор Жаред Кушнер, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин орун басары Роберт Гэбриэл, Британиянын экс-премьери Тони Блэр жана Дүйнөлүк банктын башчысы Ажай Банга болорун айткан.
Жаңы уюмдун уставы 22-январда Давосто бекитилген. Документке Армения, Аргентина, Азербайжан, Болгария, Венгрия, Индонезия, Иордания, Казакстан, Косово, Пакистан, Парагвай, Катар, Сауд Арабия, АКШ, Түркия, БАЭ, Өзбекстан жана Монголия кол коюшкан. Башка өлкөлөр да кошула алышат. Түзүмдүн Газа гана эмес, башка аймактарда да иш алып барышы күтүлүүдө.
Тынчтык кеңешин түзүү Газадагы абалды жөнгө салуу боюнча АКШнын планынын бөлүгү деп эсептелет. Бул демилге боюнча, аталган тилке убактылуу эл аралык башкарууга өткөрүлмөк болгон.
Анын биринчи отурумуна Россиянын өкүлү катышпайт. Бирок РФ президенти Владимир Путин АКШда тоңдурулган өзүнүн активдерин пайдаланып, палестиналыктарга бир миллиард доллар жардам бөлүүгө даяр экенин билдирген.