БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Спортчу Эрлан Шеров Ljubljana European Open-2026 мелдешинде алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир 14-15-февралда Словениянын борбору Любляна шаарында өтүп, ага 45 өлкөдөн 500дөн ашык спортчу катышкан.
Шеров 90 килограммга чейинки салмак категориясында биринчи айлампаны өткөрүп, 1/16 финалда бельгиялык Карл Фубертти, 1/8 финалда литвалык Августас Слизеринецти, чейрек финалда франциялык Эниэль Кэролини, жарым финалда египеттик Абдалла Абдельсамейдини жеңген.
Ал эми финалдык беттеште дзюдочу россиялык атаандашы Давид Карапетянды утуп алган.
Ошондой эле мелдешке өлкөнүн атынан 66 килограмм салмакка чейин Эрбол Абасбеков жана Ханболот Ырысбеков катышкан. Команданы башкы машыктыруучу Эркин Ибрагимов менен улук машыктыруучу Азат Кубакаев баштап барган.