БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. ЕАЭБде керектөөчү арбын жана элдин төлөө жөндөмдүүлүгү жогору болгондуктан уюмга кызыккан үчүнчү өлкөлөр көп. Бул тууралуу ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри Данияр Иманалиев Sputnik агенттигине билдирди.
Анын айтымында, 200 миллиондук рынок — бизнести өнүктүрүүгө жана соода алакаларын кеңейтүүгө мыкты аянтча.
"Үчүнчү өлкөлөр менен алаканы өнүктүрүү да маанилүү. Биз бул тууралуу эркин соода аймактары боюнча келишимдер аркылуу сөз кылып жатабыз. Учурда кабыл алынган чечимдер жана түзүлгөн келишимдер Монголия, Бириккен Араб Эмирликтери, Сербия жана Иранда иштеп жатат", — деди Иманалиев.
Ал азырынча бул өлкөлөр менен соода көлөмү 5-6 пайыз деңгээлинде болсо, бардык келишимдер толук ишке ашкандан кийин алардын тышкы соодадагы үлүшү болжол менен 14,7 пайызга чейин өсүшү күтүлөрүн белгиледи.
Иманалиев ошондой эле биримдик күнүмдүк керектелген товарларды, мисалы, азык-түлүктү өндүрүү жана экспорттоо боюнча чоң потенциалга ээ экенин кошумчалады.