Бишкектин жогору жагында автоунаа сууга кулап, үч киши көз жумду. Видео

Машина болжолу 30 метрдей бийиктен учуп, суунун жээгине түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкектин жогору жагындагы "Теплые ключи" аймагына барчу жолдо кырсыктаган автоунаа Аламүдүн суусуна кулап, үч адам көз жумду. Бул туурасында Чүйдүн жол милициясынан кабарлашты.
Кырсык кечээ, 15-февралда, болгон. Hyundai Sonata автокөлүгүнүн 26 жаштагы айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, төмөн карай кулаган. Анын кесепетинен машина болжолу 30 метрдей бийиктен учуп, суунун жээгине түшкөн.
Кырсыктан айдоочу жана 20-25 жаштар чамасындагы эки кыз окуя болгон жерден каза болуп, алардын ким экени такталууда.
Мындан сырткары, тирүү калган 25 жаштагы эркек киши ар кандай жаракат менен Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Ысык-Атадагы автокырсык бир аял менен бир кыздын өмүрүн алды. Сүрөт