БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Bloomberg маалымат агенттигине Кыргызстанга каршы жаңы санкция салынышы мүмкүндүгү боюнча комментарий берди.
Белгилей кетсек, январда аталган агенттик Европа биримдиги республикага каршы жаңы чектөөлөрдү киргизүүнү карап жатканын маалымдаган.
"Чоңуна сес көрсөтөм десең, кичинесин ур" дегендей болууда, биз мындайга такыр макул эмеспиз", — деди Амангелдиев Мюнхенде өтүп жаткан коопсуздук боюнча конференциянын алкагында.
Ал кыргыз өкмөтү бул маселеде ЕБдин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О"Салливан менен үзгүлтүксүз байланышта болуп жатканын кошумчалаган.