Марко Рубио: ар бир өлкө улуттук кызыкчылыгынын негизинде иш алып барышы керек

Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио ар бир өлкө өзүнүн улуттук кызыкчылыгынын негизинде иш алып барышы керектигин жана бул Кошмо Штаттар күткөн нерсе экенин айтты.
"АКШнын президенти жана анын администрациясы дүйнөдөгү ар бир мамлекет өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына ылайык чечимдерди кабыл алышы керек деген позицияда жана ушундай болушун күтөт", — деп ал Братиславада Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо менен болгон биргелешкен маалымат жыйында айтты
Мурда АКШнын лидерди Дональд Трамп Фицону Флорида штатындагы Мар-а-Лаго резиденциясында кабыл алган. Сүйлөшүүлөр жабык түрдө өткөн.
Эпштейн иши: 300дөн ашуун саясатчы жана белгилүү адамдардын тизмеси жарыяланды