Бишкек: Жалда 22 жаштагы кызды машина коюп кетип, каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкектин Жал кичи районунда жөө адамды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн таңга маал Тыналиев көчөсүндө болгон. KIA K5 автоунаасынын айдоочусу солго бурулуп жатып, жолду кесип өтүп бараткан 22 жаштагы Ф.А. аттуу кызды сүзүп кеткен. Ал кырсык болгон жерден жан берген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") менен иш козголуп, 36 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бишкектин жогору жагында автоунаа сууга кулап, үч киши көз жумду. Видео