17-февралга карата аба ырайы

17-февралга караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. 17-февралда күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүйдө +13...+18, Талас аймагында +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көл өрөөнүндө +6...+11, Нарын жергесинде +1...+6 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек менен Ош шаарларында +16...+18 градуска чейин көтөрүлөт.
Карды жиреп, окуучуларын олимпиадага алып келе жаткан Алима эжей. Видео