АКШ Иран менен соода алакасын түзгөн өлкөлөргө санкция саларын айтып опузалады. Анын мындай кадамдары канчалык реалдуу, башка мамлекеттер буга канчалык деңгээлде көңүл бурат? деген суроо жаралбай койбойт. Чынында эле дүйнөлүк экономикага чоң таасир эте ала турган санкцияларды сала алабы же бул жөн гана саясий опуза боюнча калабы, деген суроону биз бүгүнкү "Экономикалык панорама" уктуруусунда анализдеп көрдүк. Изилдөөчү экономист Улукман Мамытов мындай сес берүүлөр биринчи кезекте Американын өзүнө зыян алып келерин айтып, АКШ-Иран мамилесинде башка өлкөлөрдүн да таасирине токтолду.