Бишкекте самбо боюнча өлкө чемпионаты башталдыТрамп Тынчтык кеңеши Газага канча акча бөлөрүн айттыБШК 13-округда шайлоого катышкан 25 талапкердин акчасын кайтаратБорбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров кайра шайлоо дайындалган 13-округдагы талапкерлердин төгүмүн кайтара турганын маалымат жыйында айтты. Сөзүнүн урунттуу учурлары: БШКнын чечими менен Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов жана Айгүл Карабекова 30-ноябрда өткөн шайлоодо 13-округ боюнча жеңүүчү деп табылды; БШК 13-округда шайлоого катышкан 25 талапкердин 7 миллион сом төгүмүн кайтарат; бүгүн Бишкек шаардык административдик соту БШКнын чечимин күчүндө калтырды. Сотко 1-мартка дайындалып калган шайлоодо талапкер болгондордун бири кайрылган. Эми ал Жогорку сотко даттанышы мүмкүн. Эгер эки күндүн ичинде кайрылбаса, 30-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгы менен өткөндөргө күбөлүк жана төш белги берилет; 1-мартка дайындалган шайлоо жокко чыгарылды; БШКга Нурланбек Тургунбек уулунан мандатын тапшыруу боюнча арыз түшкөн жок.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Bloomberg маалымат агенттигине Кыргызстанга каршы жаңы санкция салынышы мүмкүндүгү боюнча комментарий берди. Белгилей кетсек, январда аталган агенттик Европа биримдиги республикага каршы жаңы чектөөлөрдү киргизүүнү карап жатканын маалымдаган. "Чоңуна сес көрсөтөм десең, кичинесин ур" дегендей болууда, биз мындайга такыр макул эмеспиз", — деди Амангелдиев Мюнхенде өтүп жаткан коопсуздук боюнча конференциянын алкагында. Ал кыргыз өкмөтү бул маселеде ЕБдин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О"Салливан менен үзгүлтүксүз байланышта болуп жатканын кошумчалаган.
Бүгүн Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештин ачылуу аземине агенттиктин директорунун орун басары Бузурман Багышбеков, спортсмендер жана бир катар өкүлдөр катышты. Биринчи күнү 58-71-88-98-килограммдык салмакка чейинки спортчулар күч сынашат. Аталган мелдеш 17-февралга чейин уланат.
АКШ президенти Дональд Трамп Тынчтык кеңеши Газа секторуна жардам катары беш миллиард доллардан ашык каражат жумшаларын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Кеңешке кирген мамлекеттер Газанын гуманитардык муктаждыктары жана калыбына келтирилиши үчүн беш миллиард доллардан ашык каражат убада кылышты", – деп Truth Social социалдык тармагына жазган. АКШ президенти Трамп январдын ортосунда Тынчтык кеңешин түзөрүн жана ага өзү төрагалык кыларын жарыялаган. Курамында мамлекеттик катчы Марко Рубио, атайын чабарман Стив Уиткофф, инвестор Жаред Кушнер, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин орун басары Роберт Гэбриэл, Британиянын экс-премьери Тони Блэр жана Дүйнөлүк банктын башчысы Ажай Банга болорун айткан.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 103 сом 74 тыйынга юань 12 сом 66 тыйынга рубль 1 сом 13 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 73 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 78 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 77 сом сом 80 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом, 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ17-февралга караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондодо жолдор тонголок, тайгак болот. 17-февралда, күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшүшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +13...+18, Талас аймагында +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көл өрөөнүндө +6...+11, Нарын жергесинде +1...+6 градус жылуу болот. Күндүн табы Бишкек менен Ош шаарларында +16...+18 градуска чейин көтөрүлөт.