Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Эрлан Шеров эл аралык мелдеште алтын медаль уттуМарко Рубио ар бир өлкө улуттук кызыкчылыгынын негизинде иш алып барышы керектигин билдирдиПрезидент Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келбестигин айттыКыргызстанда түндүк-түштүк болуп бөлүнүүгө эч качан жол бербеймин. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде айтты. "Биринчиден, түндүк-түштүк болуп бөлүнүүгө эч качан жол бербеймин. Андай бөлүнүп-жарылууларды саясатчылар качан гана керек болгондо жеке кызыкчылыктары үчүн баштайт. Карапайым элди колдонушат. Эгемендик алгандан бери эле саясатчылар түндүк-түштүк кылып бөлүп келишкен. Мен саясатка алгачкы жолу 2005-жылы келгенде өз көзүм менен көрдүм. Өкмөттүн жарымы түндүк, жарымы түштүк же кайсы бир министрликте дагы ушундай болсун деп бөлүп келишкен. Ошондо мен аябай кейигем", – деди Садыр Жапаров. Президент 2021-жылдан бери андай бөлүнүп-жарылуудан арылуу максатында райондордун акимдери, соттор, прокуратура, УКМК, ИИМдин жетекчилерин ротация кылганын кошумчалады.
Ушул эле маегинде президент Камчыбек Ташиев кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбестигин айтты. Садыр Жапаров алар дос бойдон кала берерин, Ташиев азыр капа болсо дагы кийин рахматын айтарын белгилеген. "Мен табиятынан эле кандайдыр бир талаштуу маселелер жаралса эч бир адам менен урушпай-талашпай эле сабырдуулук менен чечишип алганды жакшы көрөм. Дос бойдон кала беребиз. Бирок ал киши кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт. Дос эс алсын, ден соолугун карасын. Тегерегиндеги "аксакал, көксакалдардан" арылсын, тазалансын. Тергөө кызматы баарын аныктап, тазалап берет", — деген мамлекет башчы. Садыр Жапаров кечээ кечинде Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, ал "аксакал-көксакалдардын" бири менен да сүйлөшпөгөнүн айтты деп кошумчалады.
Спортчу Эрлан Шеров Ljubljana European Open-2026 мелдешинде алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, турнир 14-15-февралда Словениянын борбору Любляна шаарында өтүп, ага 45 өлкөдөн 500дөн ашык спортчу катышкан. Шеров 90 килограммга чейинки салмак категориясында биринчи айлампаны өткөрүп, 1/16 финалда бельгиялык Карл Фубертти, 1/8 финалда литвалык Августас Слизеринецти, чейрек финалда франциялык Эниэль Кэролини, жарым финалда египеттик Абдалла Абдельсамейдини жеңген. Ал эми финалдык беттеште дзюдочу россиялык атаандашы Давид Карапетянды утуп алган. Ошондой эле мелдешке өлкөнүн атынан 66 килограмм салмакка чейин Эрбол Абасбеков жана Ханболот Ырысбеков катышкан. Команданы башкы машыктыруучу Эркин Ибрагимов менен улук машыктыруучу Азат Кубакаев баштап барган.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио ар бир өлкө өзүнүн улуттук кызыкчылыгынын негизинде иш алып барышы керектигин жана бул Кошмо Штаттар күткөн нерсе экенин айтты. "АКШнын президенти жана анын администрациясы дүйнөдөгү ар бир мамлекет өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына ылайык чечимдерди кабыл алышы керек деген позицияда жана ушундай болушун күтөт", — деп ал Братиславада Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо менен болгон биргелешкен маалымат жыйында айтты Мурда АКШнын лидерди Дональд Трамп Фицону Флорида штатындагы Мар-а-Лаго резиденциясында кабыл алган. Сүйлөшүүлөр жабык түрдө өткөн.