Көчөттөрдүн импорту жана экспорту: ЕАЭБде фитосанитардык көзөмөл күчөтүлүүдө

Sputnik
Өлкө көчөттөрдү үчүнчү өлкөлөрдөн импорттосо, Россия менен Казакстанга экспорттойт. 2024-жылы Кыргызстанга 13 миллион 348 миңден ашуун көчөт импорттолсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 6 миллион 863 миңге чейин азайып, олуттуу төмөндөө байкалган. Өлкөгө ташылып кирген көчөттөр туруктуу фитосанитардык көзөмөлдөн өткөрүлөт. Көчөттөр жогорку тобокелдиктеги карантиндик зыянкечтерди алып жүрүүчү продукция катары документалдык жана лабораториялык карантиндик текшерүүдөн өтөт. ЕАЭБ алкагында фитосанитардык көзөмөл күчөтүлүп, фитосанитардык сертификаттарды сактабагандарга жазалар өзгөртүлдү. Мындан тышкары өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, оорулардан жана отоо чөптөрдөн коргоо үчүн колдонулуучу пестицииддер жана өсүшүн, түшүмдүүлүгүн жогорулатууда колдонулган агрохимикаттарды каттоодон өткөрбөй алып кирүү болбойт.
Бул тууралуу Суу ресурстары,айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Марат Асыпбеков маалымдады. Анын айтымында, республика боюнча жалпы 22 мамлекеттик питомник жана 6 лаборатория бар.