2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта

Sputnik
Биржада акция сатып алуу мурдагыдай эле интуицияга эмес, глобалдык тренддерди, компаниялардын туруктуулугун жана рыноктук эрежелерди терең түшүнүүгө таянууда. Технология, энергетика жана коргонуу активдери кызыгууну арттырып жаткан маалда, алтындын баасынын кескин өсүшү дүйнөдө белгисиздик күчөгөнүн айкын көрсөтүп турат. Ошондуктан инвестициялоо — бул бүгүн тобокелдикти азайтып, эртең туруктуу киреше алып келчү стратегиялык искусствого айланып барат. Кантип биржада туура инвестиция кылуу керектигин Кыргыз фондулук биржасынын мурдагы жетекчиси, “Фридом брокер” компаниясынын башкы директору Медет Назаралиев айтып берет.