Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Педагогикалык кызматкерлердин укугун коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Документте мугалимдерди кесиптик милдетине тиешеси жок иштерге тартуу, мыйзамда каралбаган отчетторду талап кылуу жана негизсиз текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн жоопкерчилик киргизүү каралган. Долбоорго ылайык, мугалимди товар же кызмат сатып алууга милдеттендиргендерге, ошондой эле кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда урмат көрсөтпөгөндөргө айып салуу сунушталган. Айып санкциялары 5000ден 20 000 сомго чейин белгиленет, ал эми кайталап мыйзам бузулса жаза эки эсеге күчөтүлөт. Маалыматка ылайык, учурда мугалимдер ар кайсы ведомстволорго 46 түрдүү отчет тапшырат. Агартуу министрлиги жүргүзгөн оптимизациянын негизинде алардын алтоо жоюлуп, 80 пайызы санарип форматка өткөрүлгөн. Демилгечилер мыйзам долбоору мугалимдердин укуктук кепилдиктерин бекемдеп, бюрократиялык жүктү азайтууга, коррупциялык тобокелчиликтерди кыскартууга жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түзөрүн белгилешти.
Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик аянтчалардын бири болгон "Берлин эл аралык туризм биржасы 2026" көргөзмөсүнө катышууга даярдык көрүүдө. Бул иш-чара Берлин шаарында өтөт. Даярдык иштерин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Туризм департаменти менен биргеликте жүргүзүүдө. Мунун алкагында ата мекендик туроператорлор, дестинация өкүлдөрү жана Кыргызстан туристтик уюмдар ассоциациясы катышкан иш кеңешмеси өткөрүлдү. Жыйын учурунда улуттук стендди түзүү, ошондой эле Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгүн эл аралык деңгээлде таанытуу жолдору талкууланды. Маалым болгондой, аталган көргөзмөдө Кыргызстандын атынан 11 туркомпания, 3 дестинация жана туристтик уюмдар ассоциациясы катышат. Улуттук стенд бирдиктүү концепцияда жасалып, өлкөнүн брендин илгерилетүүгө, B2B байланыштарды түзүүгө жана эл аралык кызматташууну кеңейтүүгө багытталат. Фонддун өкүлдөрү белгилегендей, мындай эл аралык платформаларга катышуу - Кыргызстандын туристтик потенциалын Европада жайылтуунун жана ишкердик байланыштарды бекемдөөнүн стратегиялык куралы болуп саналат. Анткени бул көргөзмөгө жыл сайын дүйнөнүн төрт бурчунан туризм тармагынын он миңдеген адистери чогулат.
Үмүт үзүлүп, арга калбаганда, бетпактык саясий жалгыз куралга айланат. Бул тууралуу Армен Гаспарян Зеленскийдин Орбанга карата айткан сөзү боюнча комментарий берип жатып айтты. “Биринчи жолу оройлонгондо баары аны артист катары кабылдап, Зеленскийдин бул жоругун түшүнүү менен кабыл алып, чарчап бүтүптүр, анысына көз жумалы дегендей кылышкан. Ал муну андан ары бетпактыгын уланта берсе болот деп түшүндү”, - деген Гаспарян. Ал Зеленскийдин сөзүн “баш-отуң менен Брюсселге көз каранды болуп турган маалда колуңдан келген нерсең — Евробиримдиктин мүчөсүнө орой сүйлөө” деп сындаган.