Зеленский Киевге коопсуздук кепилдиги аз жылга берилип жатат деп эсептейт

Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. АКШ Украинага 15 жылдык коопсуздук кепилдигин сунуштады, бирок Киев 30–50 жылдык мөөнөт берилсе деген үмүттө. Бул туурасында Владимир Зеленский коопсуздук кепилдиги боюнча өткөн Мюнхендеги конференцияда айтканын РИА Новости жазды.

"Инвесторлор менен жолугушуу болду, аларга беш, он жыл эмес, андан узак мөөнөткө кепилдиктер керек... Америка тараптан бизге 15 жыл дешкен... Биз дагы 20ны кошуп, 30-50 жылга берсе дейбиз. Администрация менен Конгресс эмне дейт, эми көрөбүз”, — деген ал.

Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Зеленский менен Украинанын коопсуздугу, коргонуу аркылуу экономикадагы өнөктөштүктү тереңдетүү маселелерин талкуулаганын билдирди.
“Украинанын коопсуздугу жана коргонуу аркылуу экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүү маселелерин талкуулоо үчүн Зеленский менен жолуктум. Президент (Дональд Трамп — ред.) кан төгүүнү биротоло токтото турган жолду табууга умтулуп жатат", — деп Рубио X социалдык тармагына жазды.
Украинада тынчтык орнотуу процесси
Январдын соңу менен февралдын башында БАЭде Москва, Киев жана Вашингтондун өкүлдөрү кирген коопсуздук боюнча жумушчу топтун жабык сүйлөшүүсү болуп өткөн. Анда АКШ сунуштаган тынчтык планынын айрым көйгөйлүү маселелери талкууланган.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, Американын алгачкы планында Донбассты толугу менен Москванын карамагына өткөрүп берүү, аны Крым менен кошо Россияга таандык деп таануу, согушту жүрүп жаткан жеринен токтотуу, Украина Куралдуу күчтөрүнүн санын эки эсе азайтуу жана Украинага чет элдик аскерлер менен ыраакка атылуучу курал-жарак жайгаштырууга жол бербөө каралган.
Кремль буга чейин АКШ Аляскада макулдашылган формула боюнча аймактык маселелер чечилмейин узак мөөнөттү тынчтык орнотуу мүмкүн эмес экенин мойнуна алганын билдирген. Украина Куралдуу күчтөрү Донбасстан чыгып кетиши керек, бул Москванын эң орчундуу шарты.
Рубио Украинанын коопсуздук кепилдиктери боюнча жалпы келишим бар экенин айтты