АКШлык эксперт: Зеленский акылга салып ойлоно албай калды

Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин Мюнхендеги Украинанын НАТОго кириши тууралуу билдирүүлөрү анын акылга салып, рационалдуу ой жүгүртүү жөндөмүн жоготконун көрсөтөт. Мындай пикирин АКШ армиясынын отставкадагы подполковниги Дэниел Дэвис YouTube каналындагы эфиринде айткан.

"Зеленский Украинаны НАТОго киргизүүнү талап кылып эле туруп алды. Россия азыр да, төрт жыл мурдатан бери да Украинанын НАТОго кириши согушка алып бара турган жол экенин айтып келе жатканына караган жок. Бул анын акылынан адашканынан да, мээси иштебей калгандыгында. Бул мазактоо же башка нерсе эмес, азыркынын чыныгы эле көйгөйү болууда. Анын мээсине бир беткей ойлор отуруп калгандыктан өз каалоосунан башка эч нерсе тууралуу ой калчай албайт. Ал акылга сала ой жүгүртүүдөн калды", — деген эксперт.

Буга чейин Зеленский коопсуздук боюнча аталган конференциянын экинчи күнүндө сүйлөп жатып, Венгриянын премьери Виктор Орбанга карата орой сөздөрдү айткан. Аткаминер армия тууралуу эмес, өзүнүн кара курсагын ойлонуп жатат деп, бирок ага өкмөт башчыдан тиешелүү жообун алган.
Венгриянын ТИМ башчысы Зеленскийдин айткандарына кескин жооп кылды