Эксперт: Орбан Зеленскийге ордун кайда экенин көрсөткөнүн ал түшүнгөн жок

Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Виктор Орбан Владимир Зеленскийге орду кайда экендигин көрсөттү, бирок ал түшүнгөн жок. Муну украиналык саясат таануучу Александр Семченко Киев режиминин башчысы менен Венгриянын премьер-министринин жаакташа кеткени боюнча билдирүүсүндө айтты.

"Зеленскийдин оозуна ээ боло албагандыгы ал бир нерсе ичип алганбы деген ойго түртөт. Өзүн мамлекеттин башчысы катары көрсөткөн адамга мындай кылган болбойт. Зеленский НАТО менен Евробиримдик анын бийлигинин өнөктөштөрү, ал эми Венгрия бул уюмдардын мүчөсү экенин айтууда. Бирок эки жакта тең маселе мунаса менен чечилет. Ал тургай бир эле каршы добуш берилсе чечим кабыл алынбай калат. Зеленский мунусу менен абалды курчутуп жатат", — деди саясат таануучу.

Анын айтымында, Орбан Зеленскийге акыл калчап, Украина менен Венгриянын тагдыры тууралуу сөз болуп жатканын белгилеп туруп жооп кайтарган.
"Венгрия менен Зеленскийдин бийлигинин ортосундагы алака буга чейин эле начар болчу. Ал тургай муну касташуу десек да болот", — деген Семченко.
Эксперт: арга калбаганда бетпактык кылуу Зеленскийдин жалгыз куралы болду