БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Аскердик прокуратура УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбековду камакка алганын бизге өздүк маалымат булактар кабарлады.
Алдын ала берилген кабарда, ал коррупцияга шектелүүдө.
Экс-комитетчинин Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылды.
Кечээ Жакыпбековдун ордуна ИИМдин ички иликтөө кызматынын башчысы Уланбек Бийбосунов барганы айтылган. Расмий органдар азырынча бул маалыматты тастыктай элек.