Ошто өзүн блогер деп тааныштырып, 100 миң сом опузалагандар кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Ошто өзүн блогер деп тааныштырып, 100 миң сом опузалоого шектелген балдар кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.
Окуя 10-февраль түнү болгон. Шектүүлөр жигит-кыздын машинада отурган учурун видеого тартып алып, жигитти “кызга адепсиз мамиле жасадың” деп акча талап кылышканы айтылды. Тартип сакчылары өзүн блогер деп атагандар "ооз басырык" бербесе видеону социалдык тармакка жайылтабыз деп коркутканын айтты.
Жабырлануучу аларга 50 миң сом которгонун айтып, милицияга кайрылган. Блогерлер андан кийин дагы 500 доллар алып жаткан маалда колго түшкөн. “Опузалап талап кылуу” беренеси менен 21 жана 24 жаштагы эки жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ошто "милиционербиз" дегендер жабырлануучунун 77 миң сомун алып кетишкен