БИШКЕК, 15 фев — Sputnik. Үмүт үзүлүп, арга калбаганда бетпактык саясий жалгыз куралга айланат. Бул тууралуу РФтин Коомдук палатасынын агартуу жана тарбия берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары Армен Гаспарян Зеленскийдин Венгрия премьери Виктор Орбанга оройлонгону боюнча комментарий берип жатып айтты.
"Биринчи жолу оройлонгондо бардыгы аны артист катары кабылдап, Зеленскийдин бул жоругун түшүнүү менен кабыл алып, чарчап бүтүптүр, анысына көз жумалы дегендей кылышкан. Ал муну андан ары бетпактыгын уланта берсе болот деп түшүндү", — деген Гаспарян.
Ал Зеленскийдин сөзүн “баш-отуң менен Брюсселге көз каранды болгон маалда колуңдан келген нерсең — Евробиримдиктин мүчөсүнө орой сүйлөө” деп сындаган.
Ошондой абалда туруп, жардамды же ЕБге мүчө болууну токтото ала турган өлкөгө орой мамиле кылуу акылга сыярлык эместигин кошумчалаган.