БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз республиканын айрым жерлерине жамгыр жаап, тоолуу райондоруна кар түшөт.
Абанын температурасы Чүйдө 12…17, Талас жеринде 10…15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 14…19, Ысык-Көл облусунда 4…9, Нарын өрөөнүндө 0…5 градус болмокчу.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 15…17, Ош шаарында 16…18 градуска көтөрүлөт.