Телефон оюндарынан улам 4 жылга кесилдим... Түрмөдөгү өспүрүмдүн өкүтү

№14 түзөтүү мекемеси Чүй облусунда жайгашкан. Учурда бул жерде зордуктоо, баңгизат, уурулук жана киши өлтүрүү беренелери боюнча соттолгон 20га чукул өспүрүм отурат.
Sputnik
Мекемеде өткөн иш-чаралардын биринде 17 жаштагы жигит эне тууралуу ыр окуп жатып көзүнө жаш алды. Иш-чарадан кийин аны сөзгө тартканыбызда сот залында акыркы жолу көргөн апасы жана сөздөрү эсине түшкөнүн айтып, башын жерге салды.
Жигиттин айтымында, ал уурулук үчүн төрт жылга соттолгон. Эки таанышы менен кафеге кирип, 160 миң сом алып кетишкен. "Бетибизди жаап алсак билбей калышат деп ойлогонбуз", — дейт ал.
Өспүрүм баары телефондогу оюндардан башталганын айтат. Алгач достору менен 1000 сомдон салып, 60 миң сомго чейин уткан күндөрү болгон. Ошол жеңиштер аны ого бетер кызыктырып, оюнга көз каранды кылган. Бирок кийин утпай калган. Жоготкон акчасын кайтарыш үчүн улам жаңы каражат издеп, оюн үчүн акча табуунун жолдорун ойлоно баштаган.
Мурда күрөшкө барып жүргөн бала спортту колониядан да таштабаганын айтат. Ал видеодо: "Сырттагы балдарга айтарым бар", — деп кайрылуу жасады.